Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-июлу № 432
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
– 3, 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген ченемдик укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү чөйрөсүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол, автомобиль, темир жол тармактары жана суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, концепцияларды бекитүү боюнча.”;
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эрежелерин;
2) ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону;
3) нотариустар болбогон калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (айыл өкмөтүнүн) кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө жобону;
5) укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын иштөө тартибин;