Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 199
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электр энергиясынын тартыштыгынын шартында керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоо көлөмүн азайтуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана энергияны көп талап кылган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуудагы деңгээлде сактоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главасында:
бешинчи абзацта "2,0 жогорулатуу коэффициентине" деген сөздөр "1,3 жогорулатуу коэффициентине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калкты ичүүчү суу, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф 1 кВт.с үчүн 124,7 тыйын (салыктарды эске албаганда) өлчөмүндө белгиленет. Бул тариф жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп турат.";
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Муниципалдык троллейбустук деполор, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн электр транспортун (троллейбустар жана электр автобустар) пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары үчүн электр энергиясына тариф өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 191,4 тыйынды түзөт (салыктарды эске албаганда).";
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу, он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"Белгиленген кубаттуулугу 23 кВт чейинки электр мобилдерди кубаттоо боюнча коомдук жана жеке станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 287 тыйын өлчөмүндө белгиленет (салыктарды эсепке албаганда).
Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча коомдук жана жеке станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 1,3 жогорулатуучу коэффициентке түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 340 тыйын өлчөмүндө белгиленет (салыктарды эсепке албаганда).";