Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2017-жылдын 12-сентябры № 554
"Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 719 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 22 жана 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо жол-жоболорун жүргүзүү жана аткаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы N 719 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору белгиленген тартипте кабыл алынган улуттук стандарттарга ылайык "Адал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу сертификациялоочу орган катары белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы N 719 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн жоболорун ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-сентябрында № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
|
|
|
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу жана жүргүзүү ТАРТИБИ