Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-декабры № 719
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Адал-индустрияны өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана "Адал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сертификациялоону жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстте аталышындагы жана 1, 2-пункттардагы "Халал" деген сөз "Адал" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пункт "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу жана жүргүзүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
"Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу жана жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Адал" продукциясына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө сертификация жана маркалоо жүргүзүү чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) QR-код менен адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоонун маалыматтык ресурсун, Берилген "Адал" шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын аймагында адал-продукцияны өндүрүүчү жана адал-кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр: