Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-апрели № 201
Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык)
Аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан гана өзүнүн ведомстволук уюмдары аркылуу "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
2. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жумуштардын тизмегин берүү;
2) тизмекте көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруу үчүн тиешелүү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жана макулдашууну камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" жана "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканалары менен белгиленген тартипте тиешелүү жумуштарды аткарууга келишимдерди түзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "жана жол" деген сөздөр ", жолдор, анын ичинде аэропорттордун ички аэропорттук жолдору, аэродром элементтери (жасалма учуучу-конуучу тилке, буруучу жолчо жана перрон)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 12, 13-пункттар "жолдорун", "жолдорду" деген сөздөрдөн кийин ", аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктта: