Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-июну № 310
Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартибин жана Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясын, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 24-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмеги (мындар ары - Тизмек) 2-тиркемеге ылайык.
2. Жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын Тизмекте белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар:
1) бир айлык мөөнөттө Тизмекке киргизилген жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү сертификаттоо жол-жоболорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү сертификаттоону жүргүзүү тартибине ылайык Тизмекке киргизилген жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү сертификаттоону жүргүзсүн;
3) шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелерин, көчүрмөлөрүн жана шайкештик белгиси бар голографиялык маркаларды эсепке алууну уюштурсун жана жүргүзсүн;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин, өтүнмө ээлери тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматтарды берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызыкдар мамлекеттик органдар алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
2-тиркеме |
Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын
тизмеги