Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-июлу № 376
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:
- 16-пунктта:
7-пунктчада ", ишканаларынын" деген сөздөр алып салынсын;
17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Министрликтин ведомстволук ишканасынын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо же Министрликтин ведомстволук ишканасынын жетекчиси кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;";
25-пунктчада "бекитет" деген сөз "макулдашат" деген сөзгө алмаштырылсын;
27-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 19-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Ишкананын директору квалификациялык талаптарга ылайык келген, Министрлик сунуш кылган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу Министрлик менен макулдашуу аркылуу, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.";