Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 , 2024-жылдын 15-мартындагы N 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жамааттык келишимди, Ишкананын локалдуу актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
3-1. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Инфоком" при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The State Enterprise "Infocom" under the Ministry of Digital Development of the Kyrgyz Republic".
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инфоком" МИ;
- расмий тилде: ГП "Инфоком";
- англис тилинде: SE "Infocom".
5. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөргө, штампка, бланктарга, логотипке жана башка атрибутикага ээ, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
6. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, өз алдынча баланска ээ, келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык милдеттерди алууга укуктуу.
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көч., 2.
Ишкана филиалдарды жапа өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте өткөрүп берүү жолу менен мүлктүн бир бөлүгүн ыйгарууга укуктуу.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
8. Ишкананын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыздоочу маалыматтык системаларды, ресурстарды, маалыматтар базаларын камтыган Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмүнүн бирдиктүү комплексин калыптандыруу;