Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 520
Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү маселелери жөнүндө
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 34, 36, 37-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мамлекеттик каттоодо, ушундай каттоого өтүнмөгө төмөнкүлөр жөнүндө ырастоочу документтер же тиешелүү түрдө корутунду тиркелет:
- географиялык көрсөтмө катары каттоого берилген географиялык объекттин чегинде товардын аныкталган сапатынын, беделинин жана/же башка мүнөздөмөлөрүнүн олуттуу даражасы анын географиялык келип чыгышы менен аныкталат;
- товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоого берилген географиялык объекттин чегинде өтүнмө ээси анын өзгөчө касиеттери ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана/же адам факторлору менен өзгөчөлөнүп аныкталган товарды чыгарат;
2) мурда катталган географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына пайдалануу укугун берүүдө ушундай каттоого өтүнмөгө географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары катталган географиялык объекттин чегинде өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестринде аталган өзгөчө касиеттерге ээ болгон товарды чыгара тургандыгы тууралуу ырастоочу документтер же тиешелүү түрдө корутунду тиркелет.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтерди же корутундуларды төмөнкү мамлекеттик органдар берет:
1) геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - минералдык жана органикалык пайдалуу кендерди казып алууга карата;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - дары ылайларга, минералдык ичүүчү дарылык, ичүүчү-дарылык, минералдык табигый ичүүчү сууларга, туздарга, дары өсүмдүктөрүнө жана аларды пайдалануу менен даярдалган продукцияларга карата;
3) айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айыл чарба продукциясына жана тамак-аш продукциясына карата;
4) маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарына жана музыкалык аспаптарга карата;
5) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларга карата;
6) тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - өтүнмө ээсинин географиялык көрсөтмө катары билдирилген географиялык объекттин аймагында жүргөндүгү жана өндүрүштүк ишти (өндүрүштүн бир же бир нече стадиясын) жүзөгө ашыргандыгы тууралуу ырастоосу.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар да төмөнкүлөрдү ырастоочу документтерди же тиешелүү түрдө корутундуну берет:
- бул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон шарттардын жок болуп кетишин жана катталган географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына карата өзгөчө касиеттерге ээ болгон товарды чыгаруунун мүмкүн эместигин;
- Кыргыз Республикасынын географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товар чыгарылган жердин аталыштарынын мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздүүлүгүн жана зарылдыгын.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар 1, 2-тиркемелерге ылайык типтүү формаларды пайдалануу менен функциялык милдеттеринин алкагында, ушул токтомдун 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча ырастоочу документтерди берсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-ноябрындагы № 743 "Товар чыгарылган жердин аталыштарын коргоо маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 81 (3530) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
1-тиркеме |
_____________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы)
Географиялык көрсөтмөнү жана/же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо үчүн өтүнмөгө корутунду
1. Өтүнмө ээси _________________________________________________________________ (ассоциациянын (бирликтин) аталышы)
2. Билдирилген объекттин аталышы _______________________________________________
3. Кандай түрдө каттоо талап кылынган: o географиялык көрсөтмө _______________________________________________________ o товар чыгарылган жердин аталышы _____________________________________________
4. Товарды чыгаруунун чектери ___________________________________________________ (шаары, облусу, району, айылы ж.б. көрсөтүү)
5. Продукциянын (буюмдун) аталышы ______________________________________________
6.Товардын өзгөчө касиеттерин сыпаттоо ___________________________________________ _______________________________________________________________________________ Географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттарынан же адам факторлорунан улам чыгарылган товардын өзгөчө касиеттерине жараша сыпаттама, анын аталышы географиялык көрсөтмө жана/же товар чыгарылган жердин аталышы катары билдирилет |