Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин
2023- жылдын 5-октябрындагы № 96
токтомуна 1-тиркеме
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүү тартиби жана шарттары жөнүндө
жобо
(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Бишкек шаарында жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө (мындан ары- жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун тооруктарды өткөрбөстөн түз сатуу жолу менен түзүү жана берүү тартибин регламенттейт.
3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жер участокторун акысыз берүүгө жайылтылбайт.
2. Терминдер жана түшүнүктөр
4. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жерлерди ижаралоо - менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер участогун ижарачыга пайдалануу укугу менен белгилүү бир акыга тийиштүү мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү;
ижарага берүүчү - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
ижарачы - жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен ушул Жобо менен белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;
башкы план - шаардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;
шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, толук пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана шаардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
шаар куруу корутундусу - жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, аймакты пландоо, жер участогунун максатынын, функционалдык арналышынын өзгөрүшү же жер участокторунун чек араларынын (конфигурация) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;
шаар куруу регламенти - белгиленген шаар куруу документтеринин жана жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу иш-аракетин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;
жалпы пайдалануудагы жерлер - калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол четиндеги жер тилкелери, жашыл бак-дарактар, газондор, арык жана башка авто унаа жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн сугат тарамдары, өтмөктөр, токой сейил бактары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр);