Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 26-декабры № 166
«Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
«Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3-статья. Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө мыйзамдар
Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчу заттар жана прекурсорлор жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү чаралары жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана Кыргыз Республикасынын аларга карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актыларынан турат.».
2.10-статьяда:
«Лицензиялоо жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат болуп саналат.».
3. 12 жана 13-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө