Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 19-февралы №4 | Кара-Балта шаары |
“Кара-Балта шаарынын аймагында калкка тейлөө көрсөткөн соода-сатык объектилери жана чарба субъектилеринин жайгашкан жер участогуна ар жылы ижара төлөө боюнча наркын чыгаруу эсебинин зоналдык коэфицентин бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык , муниципалдык менчикте болгон жер участкаларын, кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берүү тартибин ирээтке келтирүү ,ошондой эле шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү, “Кара-Балта шаарынын аймагында калкка тейлөө көрсөткөн соода-сатык объектилери жана чарба субъектилеринин жайгашкан жер участогуна ар жылы ижара төлөө боюнча наркын чыгаруу эсебинин зоналдык коэфицентин бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”, шаардын муниципалдык менчигин башкаруусунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясынын мүлккө муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.Б.Карагуловдун берген маалымдамасы жана сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Балта шаарынын мэриясынын мүлккө муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.Б.Карагуловдун берген маалымдамасы жана сунушу эске алынсын.
2.Тез арада жана (убактылуу) ижарага берилген жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркына өзгөртүү киргизилсин.
а) коммерция боюнча колдонуу коэфиценти (К2) Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 6-беренесинин 339п/п на ылайык колдонулсун.
б) өзгөртүү киргизүү менен (К4) берилген жер участогунун жалпы аянтын аныктаган Коэффицент. (Тиркеме №1)
3.Бекитилсин:
Сунушталган тез арада жана (убактылуу) ижарага берилген жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркына өзгөртүү жана кошумча тартибин ирээтке келтирүү
4.Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча башкармалыгы бул киргизилген Кара-Балта шаарынын аймагында калкка тейлөө көрсөткөн соода-сатык объектилери жана чарба субъектилери жайгашкан жер участогуна ар жылы ижара төлөө үчүн киргизилген жаңыча наркын ижара алгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүү берсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети бюджет боюнча , мэриянын каржы жана экономика, муниципалдык менчик боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: п/к, КЭБ,ММБ,ММК,иш кагазына .
Шаардык Кеңештин Төрагасынын орун басары: |
А.Ниязова |
| Тиркеме №1 |
Тез арада жана (убактылуу) ижарага колдонууга алынган жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркынын эсеп-кысап тартиби
Тез арада жана (убактылуу) ижарага колдонууга алынган жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркы төмөнкү формула менен жүргүзүлсүн :
А__ С*S* К1* К2* К3* К4
Бир жылдык ижарага төлөмүнүн ставкасы –А болгондо;
КР.Салык Кодексине ылайык айыл чарбасы эмес жер салыгынын ставкасы-С
-S -жер участкасынын аянты;
-К1- аныкталган жерден жер аянты жайгашкан (зона) ;
-К2-коэффицент,коммерциялык колдонуу;
-К3- коэффицент ,тез арада(убактылуу) бөлүнүп колдонууга берилген жер участогунунун мөөнөтүнө жараша;
-К4- коэффицент , аныкталып берилген жердин жалпы жер аянты;
Коэффицент, К1- аныкталган жерден жер аянты жайгашкан (зона) ;
К1-6 коэффициент менен биринчи зона
Юридикалык дареги бар зонадагы участок объектилеринин чеги төмөнкү көчөлөр менен чектелет