Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 3-июлу № 359-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. 2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иштерди уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б токтому менен бекитилген |
┌───┬────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┐
│ № │ Иш-чаралардын аталышы │Аткаруу мөөнөтү│Жооптуу аткаруучулар│