Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 18-апрели № 178

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2014-жылдын 21-25-апрелинде өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Дж.Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 178 буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2014-жылдын 21-25-апрелинде өтө турган кезектеги жыйыныма катышуучу комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

 

Искандаров К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

Катанаев А.Г.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;

Касмалиев А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

Момбеков А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Кыдырмышев Т.Ж.(*)

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;

Камбаралиев Б.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармасынын улук офицери;

Жакыпов Б.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Мандычев Н.И.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедициясынын начальниги.

Эскертүү: (*) - тартылган адам.