Редакцияот 28.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 28-февралы № 94

Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 2-5-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жумушчу жолугушуусун өткөрүү жөнүндө Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 26-февралындагы № 20-2 (533) нотасына ылайык:

1. Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 28-февралындагы № 94 буйругуна тиркеме

Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 2-5-мартында болуучу кезектеги жумушчу жолугушууга катышуучу Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ

Мамытов Токтокүчүк Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;

Султанов Калыкбек Иманалиевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Искандаров Курбанбай Алибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

Бешимов Аскар Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Асанов Курсан Сатарович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Мамбеталиев Искендербек Султанович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги;

Муралиев Алтынбек Амангелдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Саралаев Урмат Кадыкеевич

-

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Жолчиев Бакир Дыйканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Сыдыков Данияр Батырович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

Калыков Сейитмурат Турдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Ниязалиев Дастан Картаңбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы;

Саякбаев Данияр Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы;

Ботобаев Каныбек Калбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Савин Вячеслав Валерьевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын башкы инженери.