Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 13-январы № 8-б
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.".
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы бул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.;
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына коомдук уюмдардын жана бизнес-түзүмдөрдүн бешке чейинки өкүлдөрү, кеңеш берүүчү добуш укугундагы көз карандысыз эксперттер да кириши мүмкүн.
Аларды тандоо жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына чакыруу тартиби каралуучу маселелердин тематикасына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.";
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо";
1-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: