Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 31-майы № 191-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 418-б, 2012-жылдын 6-февралындагы № 33-б, 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 544-б,2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б, 2016-жылдын 23-июнундагы № 287-б, 2017-жылдын 13 декабрындагы № 567-б 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б 2020-жылдын 30-декабрындагы № 412-б, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т, 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 462-т, 2023-жылдын 3-июлундагы № 390-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук негизде белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын жарымынан кем эмеси кеңеш берүүчү добуш укугу менен жарандык коомдоштуктун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат.
Аларды тандоо жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына чакыруу тартиби каралуучу маселелердин тематикасына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйруктарынын редакцияларына ылайык).
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т, 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 462-т, 2023-жылдын 3-июлундагы № 390-р тескемесинин редакциясына ылайык)