Редакцияот 23.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

РАСПОРЯЖЕНИЕ

2014-жылдын 23-майы № 178-б

Монголиянын Улан-Батор шаарында 2014-жылдын 29-30-майында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясынын кезектеги экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2014-жылдын 27-31-майына Монголиянын Улан-Батор шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 178-б буйругуна тиркеме

Монголиянын Улан-Батор шаарында 2014-жылдын 29-30-майында боло турган Соода-экономикалык,  илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол  комиссиясынын кезектеги экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

 

Султанов Калыкбек Иманалиевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри - комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Бактыгулова Канайым Жумадиловна

-

Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Суюмбаева Паиза Усенбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Муратбеков Канатбек Камбарбекович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Апасова Рима Тунгучбаевна

-

Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Кайыпов Аманбай Кайыпович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Разаков Жениш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кулубаев Жээнбек Молдоканович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору;

Жунушов Асанкадыр Темирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Абдралиева Гульмира Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобилдик транспорт бөлүмүнүн башчысы;

Кайбалиев Азамат Нарынбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин экинчи секретары;

Шарапов Таалайбек Жолболдуевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси;

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармасынын тышкы иштер жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси - комиссиянын жооптуу катчысы.