Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 2-июну № 197-б

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 205-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2014-жылдын 7-12-июнунда Монголияга баруучу жумушчу визитине байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

  

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 197-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2014-жылдын 7-12-июнунда  Монголияга баруучу жумушчу визитининин алкагындагы Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 205-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Сарпашев Тайырбек Дүйшөкеевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Орозов Талайбек Саратанбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Ашимов Нурмамат

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Шаикова Алина Кавылбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Акматов Руслан Орозбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин башкы директорунун орун басары;

Соколова Сабина Васильевна(**)

-

"Move One" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Суюмбаева Паиза Усенбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы.

Эскертүү:

(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен жиберилет;

(**) - өз каражатынын эсебинен жиберилет.