Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 4-июлу № 250-б

Екатеринбург шаарында (Россия Федерациясы) 2014-жылдын 9-11-июлунда болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын (мындан ары - Комиссия) экинчи жыйынына катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2014-жылдын 4-июлундагы № 250-б

буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн

Курамы

 

Алымкулов Алисбек Толбашиевич

- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

 

Темирбекова Айнура Кубанычбековна

- Кыргыз Республикасынын маданият, жана туризм министринин орун басары;

 

Асизов Касен Асизович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

 

Тагаев Руслан Абдыжапарович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

 

Айдаров Каныбек Абдрайович

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын. жарандарын жумушка орноштуруу боюнча борбордун директору;

 

Сыдыкова Гульмира Ракыевна

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

 

Алымбеков Нурлан Тургуналиевич

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин кеңешчиси;

 

Асылбеков Жумабек

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу саясаты жана агромаркетинг башкармалыгынын начальниги;

 

Мамбетаипова Чолпон Асаналиевна

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

 

Кадырбаева Светлана Асангазиевна

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.