Редакцияот 02.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 2-июлу № 302-б

Нью-Йорк шаарында (АКШ) 2015-жылдын 6-10-июлунда болуучу Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун жүрүшүндө Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин ар жылдык серебинин алкагында Улуттук ыктыярдуу бетачарды сунуштоо үчүн:

1.  Кыргыз  Республикасынын  расмий  делегациясы тиркемеге, ылайык курамда түзүлсүн.

2.  Кыргыз Республикасынын делегациясынын Нью-Йорк шаарына (АКШ) баруусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

  

 

Тиркеме

 

Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин ар жылдык серебинин алкагында Улуттук ыктыярдуу бетачарды сунуштоо үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы

 

Ниязалиева Дамира Абаскановна (*)

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасында Миң, жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси;

Кыдыров Талайбек Тургумбаевич

- Нью-Йорк шаарындагы БУУга караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;

Курманова Айдай Эркиновна (*)

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы.

 

(*) Эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев