Редакцияот 04.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

15-жылдын 4-сентябры № 423-б

2015-жылдын 7-8-сентябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарында өтүүчү "Суу жана Борбордук Азиядагы ынак коңшулук мамиле" конференциясына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2015-жылдын 6-10-сентябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар чакыруучу тарап төлөөчү транспорттук чыгымдардан жана мейманканада жашоо үчүн акы төлөөө боюнча чыгымдардан тышкары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

"Суу жана Борбордук Азиядагы ынак коншулук мамиле" конференциясына катышуу учун Кыргыз Республикасынын делегацияеынын курамы

Маматалиев Абдырахман Мадакимович *

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Айдарбеков Айбек Акматбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Жусуматов Эсен Жусуматович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары;

Анарбаев Анвар Арсланович

 

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин талдоо, пландоо жана тышкы саясатты координациялоо департаментинин биринчи катчысы.

 

Эскертүү:

* - 2015-жылдын 6-8-сентябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарына командировкага жиберилет.