Редакцияот 09.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

РАСПОРЯЖЕНИЕ

2016-жылдын 9-февралы № 48-б

Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Кызматташтык боюнча кеңешинин 2016-жылдын 14-17-февралында Брюссель (Бельгия Королдугу) шаарында өтүүчү он төртүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөндөгү курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына баруусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Кызматташтык боюнча кеңешинин 2016-жылдын 14-17-февралында Брюссель (Бельгия Королдугу) шаарында өтүүчү он төртүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Абдылдаев Эрлан Бекешович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, делегациянын жетекчиси;

Чуйков Николай Алексеевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Европа биримдиги менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координатору, делегация башчысынын орун басары.

Делегациянын мүчөлөрү:

Курманова Айдай Эркиновна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;

Баатырова Гульнара Маришовна

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Дооталиев Улан Тимурович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Абдуллаев Талант Тынычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору;

Исаев Асеин Кусеинович

-

Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү.