Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-февралы № 52-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалын өнүктүрүү жана Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Концессия үчүн сунушталган объекттердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту
6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Концессия үчүн сунушталган объекттердин ТИЗМЕСИ
№ | Концессия объектисинин аталышы | Жайгашкан жери | Пайдалуу кендин түрү |
1 | Кара-Кече кени | Жумгал району, Нарын облусу | Күрөң көмүр |
2 | Миң-Куш кени ("Ак-Улак" участогу) | Жумгал району, Нарын облусу | Күрөң көмүр |
2-тиркеме
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү ШАРТТАРЫ ЖАНА ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттары жана тартиби (мындан ары - Шарттары) конкурс өткөрүү жана Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо үчүн иштелип чыккан, жеңүүчү менен "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүү, "Кара-Кече" жылуулук электр станциясын (1200 МВт) жана Балыкчы -Кочкор - Кара-Кече каттамы боюнча темир жол куруу боюнча комплекстүү долбоорду (мындан ары - Комплекстүү долбоор) ишке ашырууга концессиялык келишим жана инвестициялык макулдашуу түзүлөт.
2. Конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 427-б буйругуна ылайык түзүлгөн Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан өткөрүлөт.
3. Концессиялык келишимдин объектиси Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендери болуп саналат (мындан ары - Концессиялык объект).
4. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендеринин кыскача баяндалышы жана ЖЭСти жана темир жолду куруу жөнүндө жалпы маалыматтар ушул Шарттардын 1-тиркемесинде келтирилген.
5. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүгө инвестициялардын негиздемесин даярдоого техникалык тапшырма ушул Шарттардын 2-тиркемесинде келтирилген.
6. ЖЭСти курууга. инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгууга техникалык тапшырма ушул Шарттардын 3-тиркемесинде келтирилген.
7. Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун курууга инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгууга техникалык тапшырма ушул Шарттардын 4-тиркемесинде келтирилген.
2. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
5. Koнкурска төмөнкүлөр катыша алышат:
- жеке жактар - Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандары;
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактар (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- консорциумдар.
6. Ушул Шарттардын 8-пунктунда аталган жактар жана консорциумдар конкурска катышууга уруксат алуу үчүн төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- конкурстук билдирүү берилген учурга жана конкурсту өткөрүү убагында жоюлуу процессинде болбошу керек;
- заманбап технологияларга ээ болушу жана колдонушу керек;
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жетиштүү финансы каражаттары жана/же түз инвестициялар түрүндө кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгү болушу керек;
- кендерди иштетүү жана/же ЖЭСтерди жана/же темир жолдорду куруу жаатында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.
3. Комплекстүү долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттары
7. Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн негизги шарттар конкурстун жеңүүчү болуп таанылган жана концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзгөн жак тарабынан бир катар милдеттенмелердин аткарылышы болуп саналат, анын ичинде:
1) ушул Шарттардын 4-главасында көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөмдөрдү төлөө;
2) инвестициялык макулдашууга кол коюлган учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен Комплекстүү долбоор боюнча долбоордук документтерди, ТЭНди даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну, анын ичинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону камсыздоо;
3) өнөр жайлык коопсуздук, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, куруу жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыкты эл аралык тажрыйбанын, эл аралык стандарттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын, ченемдеринин сакталышын, ошондой эле "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо;
4) ЖЭС жана темир жол боюнча долбоордук документти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашкан күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен ЖЭСтин жана темир жолдун курулушун баштоо. Курулушту баштоо мөөнөттөрү бузулган учурда, инвестор "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, курулушту баштоо мөөнөтүн бузуунун ар бир толук айы үчүн 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө (70% - республикалык бюджетке, 30% - Нарын облусун өнүктүрүү фондуна) айып төлөөгө макул болот;
5) конкурстун жеңүүчүсү белгилеген мөөнөттө ЖЭС жана темир жолун эксплуатацияга киргизүүнү камсыздоо. Эксплуатацияга киргизүүнүн белгиленген мөөнөтү бузулган учурда, инвестор "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, курулушту баштоо мөөнөтүн бузуунун ар бир толук айы үчүн 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө (70% - республикалык бюджетке, 30% - Нарын облусун өнүктүрүү фондуна) айып төлөөгө макул болот;
6) Комплекстүү долбоорду ишке ашырууда заманбап технологияларды колдонуу. Жабдуунун заманбаптыгы жабдуунун, машиналардын жана башка техниканын чыккан жылы, функцияларынын спектри, ошондой эле эл аралык техникалык талаптарга, стандарттарга жана ченемдерге шайкештиги менен аныкталат;
7) Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча алдын ала ТЭНге ылайык түз инвестициялардын артыкчылыктуу салымын камсыздоо;
8) алдын ала ТЭНде ар жыл сайын 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес суммага регионду өнүктүрүү боюнча шарттарды кароо жана концессиялык келишимди түзүү датасынан эки айдан кечиктирбестен, жергиликтүү коомчулукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, райондо жашаган калк үчүн жумуш орундарын уюштурууну, кендерди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, кендерди өздөштүрүүгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө аны тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштурууну, райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү камтыган социалдык пакетти кароо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү;
9) Комплекстүү долбоорду ишке ашыра турган биргелешкен ишкананын уставдык капиталындагы 20 (жыйырма) пайыздан кем эмес өлчөмүндөгү үлүштү Кыргыз Республикасына кайтарымсыз өткөрүп берүү;
10) Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча темир жолдун курулушу аяктап, ал эксплуатацияга берилгенден кийин, инвестициялык макулдашууда аныкталган шарттарда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү.
11. Концессиялык объектти берүү шарттары концессиялык келишимде бекитилет.
Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу шарттары инвестициялык долбоордо аныкталат.
12. Конкурстун катышуучусу ушул Шарттарды тааныйт жана аларды концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга киргизүүгө макул болот. Мында, конкурстун катышуучусу концессиялык келишим жана инвестициялык макулдашуу түзүлгөнгө чейин конкурстун катышуучуларынан алынган билдирүүдөгү маалыматтар чындыкка дал келбегендиги аныкталгандыгына же концессиялык келишимге жана/же инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген жоболор киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Концессиялык объектти өткөрүп берүү жөнүндө өзүнүн чечимин каалаган учурда чакыртып алууга укуктуу экендигине макул болот.
4. Төлөмдүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
13. Кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөм.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Геология агенттиги) - конкурстук комиссиянын жумушчу органы ар бир билдирүүчүгө кыскача геологиялык маалыматтын пакетин берет. Конкурска катышуу үчүн билдирүүчүлөр кыскача геологиялык маалыматтын аталган пакетин 2300000 (эки миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү төлөмгө сатып алууга милдеттүү.
Ушул пункттун экинчи абзацында аталган кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөм Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
14. Конкурска катышуу үчүн төлөм.
Конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн 15000000 (он беш миллион) сом өлчөмүндө же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча AКШ долларынын эквивалентинде төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн төлөм концессия үчүн төлөмдүн акыркы суммасына киргизилбейт жана документтерди карап чыгуунун жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгына карабастан кайтарылбайт. Аталган каражаттар Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
15. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 76000000 (жетимиш алты миллион) сом өлчөмүндө же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча AКШ долларынын эквивалентинде кепилдик төгүмүн төлөөгө же 76000000 (жетимиш алты миллион) сом суммасына банктык кепилдикти көрсөтүүгө милдеттүү.
Банктык кепилдик ушул Шарттардын 16-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстун жеңүүчүсү концессия үчүн төлөмдү толугу менен же жарым-жартылай төлөбөсө жана/же ушул Шарттарда белгиленген мөөнөттө концессиялык келишимге жана/же инвестициялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, кепилденген төгүмдүн суммасын республикалык бюджетке төлөө боюнча банк-гаранттын милдеттенмесин камтышы керек.
Ушул Шарттардын 16-пунктунда каралгандай, концессия үчүн төлөм конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кийин төлөнсө, кепилдик төгүмү концессия үчүн төлөм катары эсептелет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 16-пунктунда каралган мөөнөттө концессия үчүн төлөмдү толугу менен же жарым-жартылай төлөбөсө, ошондой эле ушул Шарттарда белгиленген мөөнөттө концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт. Каражаттар республикалык бюджетке чегерилет. Банктык кепилдик бар болсо, кепилдик төгүмүнүн каражаттары мыйзамдарда белгиленген тартипте банк-гаранттан талап кылынат.
16. Концессия үчүн төлөм.
Концессия үчүн төлөм бир жолку жана кайтарылгыс төлөм болуп саналат. Концессия үчүн төлөмдүн өлчөмү кийин жеңүүчүсү болуп аныкталган конкурстун катышуучусу сунуштаган суммадан улам конкурстун жүрүшүндө аныкталат жана концессиялык келишимдин шарттарында көрсөтүлөт. Мында концессия үчүн төлөмдү сунуштоо конкурстун катышуучулары үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында биргелешкен ишкананы мамлекеттик каттоо күнүнөн баштап 30 (отуз) календардык күндүн ичинде концессия үчүн ага сунуштаган төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Концессия үчүн төлөм Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине кийин республикалык бюджетке жөнөтүү менен төлөнөт.
17. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстук документтерге, келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлоруна жана конкурска катышуу үчүн киргизилген төлөмдүн суммасынын эсебинен жабылбаган, конкурска тиешеси бар башка документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн консалтинг компаниясын тартуу боюнча Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын чыгымдарын төлөп берет.
Консалтинг компаниясын тартуу боюнча Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын чыгымдарын төлөө тартиби жана мөөнөтү инвестициялык макулдашууда белгиленет.
18. Төлөмдөрдү төлөө үчүн реквизиттер.
Кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөм, конкурска катышуу үчүн төлөм, конкурстук комиссиянын катышуучусунун кепилдик төгүмү, ошондой эле тийиштүү дайындалышын көрсөтүү менен конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине төлөнүшү керек.
Алыш-бериш эсебинин реквизиттери:
Алуучу: Казыналыктын Бишкек шаарынын Октябрь районундагы бөлүмү
Банк: "РСК-Банк" ААКнын Октябрь районундагы филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдүн багыты: [Геология агенттигинин өздүк эсебине кыскача геологиялык маалымат үчүн төлөм]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине концессия үчүн төлөм]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине консалтинг кызматы үчүн төлөм].
19. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү төлөөгө милдеттүү.
5. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берген документтер
20. Конкурс эки этапта өткөрүлөт.
Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары басманын расмий органдарында конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя жарыяланган учурдан тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн кечиктирбестен, Геология агенттигине: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик проспекти 2, № 219 кабинет дареги боюнча төмөнкүдөй документтерди эки нускада берет:
1) ушул Шарттардын 5-тиркемесинде келтирилген форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын атына конкурска катышууга билдирүүнү;
2) кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын);
3) конкурска катышуу үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын);
4) кепилдик төгүмүнүн төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын) жана/же банк кепилдигинин түп нускасын.
Чапталган конвертте ошондой эле төмөнкүдөй документтер берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайрадан катталган) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле мамлекеттик реестрден апостилденген же мыйзамдаштырылган көчүрмө же ал өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүрүүчү башка документ, ошондой эле алардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан чет тилде берилген уюштуруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүрүүчү башка документтен көчүрмөнүн аракеттенүү мөөнөтү аталган документтер берилген күндөн баштап 6 (алты) айдан ашпашы керек;
в) жеке жактар үчүн - паспортунун же жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар паспортунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун кошумчалап беришет;
г) ушул Шарттардын 6-тиркемесинде келтирилген форма боюнча төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу конкурстун жогоруда аталган негизги шарттарын тааныйт жана аларды концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга киргизүүгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу, аны жеңүүчү деп аныктаган учурда, ушул Шарттарда каралган бардык айып пулдарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу, аны жеңүүчү деп аныктаган учурда, концессия үчүн ал сунуштаган төлөм кайтарылгыс төлөм болуп саналаарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу, аны жеңүүчү деп аныктаган учурда, ушул Шарттардын талаптарына жана конкурстун экинчи этабында ал билдирген сунуштарга ылайык инвестициялык макулдашууну түзүүгө милдеттенет;
д) кендерди иштетүү же ЖЭСти же темир жолун куруу жаатында иш тажрыйбасы, персоналы бар экендиги жана анын квалификациясы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер жана маалыматтар;
е) долбоордук сунуш.
21. Конкурстун катышуучусу документтерди алардын толук тизмеги менен бир конвертте бериши керек. Конвертте: конкурстун биринчи этабына катышуу, конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дареги көрсөтүлөт. Берилген документтердин ар бир бетине номер коюлушу, тиркелиши жана бөлүштүргүч менен бөлүнүшү керек. Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Эгерде документтер чет тилдерде берилсе, ага нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдердеги котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор, документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер артка кайтарылбайт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
22. Документтер бар конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки иш күнүндө конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин барагынын саны көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин, 10 (он) иш күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана конкурстун катышуучуларына конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары берген документтер ушул Шарттарда белгиленген талаптарга туура келгенде гана экинчи этапка катышууга уруксат алышат. Берилген документтердин тизмесине, түрүнө жана формасына карата суроолор пайда болгон учурда, конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
23. Конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө Конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына, ошондой эле башка расмий басылмаларга жарыяланат. Конкурстук комиссия тарабынан катышууга уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алышынын негизи болуп документтердин белгиленген талаптарга шайкештиги саналат. Эгерде документтер белгиленген талаптарга шайкеш келбесе, Конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алат.
24. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга уруксат алган конкурстун катышуучулары, уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап, 120 (жүз жыйырма) календардык күндөн кечиктирбей, Геология агенттигине Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) изилдөөнүн төмөнкүдөй багыттарын камтый турган, кенди өздөштүрүү, алдын-ала ТЭН менен ЖЭСти жана темир жолду куруу программасын:
- Комплекстүү долбоордун стратегиясы жана алкагы;
- Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн финансы ресурстары, каржылоо булактары;
- жайгашкан жерин жана участокту тандоо, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоону талдоо;
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн технологияны жана жабдууну тандоо;
- Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди уюштурууну аныктоо;
- Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашырууну керектүү эмгек ресурстары менен камсыздоо;
- Комплекстүү долбоордун иш графигин жана бюджетин оптималдаштыруу;
- алдын-ала финансылык талдоо жана Комплекстүү долбоордун натыйжалуулугун баалоо;
- Комплекстүү долбоордун аныксыздыктын негизги факторлоруна туруктуулугун жана тобокелдиктерин баалоо;
- талап кылынган инвестициялардын эсеби;
- кендерди иштетүүнүн натыйжасында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн эсебин;
- конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча башка кошумча маалыматтар жана документтер;
2) геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасы;
3) геологиялык жана тоо-кен тармактарында, ЖЭС жана темир жолду курууда иш тажрыйбасын ырастоочу документтер;
4) кенди, ЖЭС жана темир жолду эксплуатацияга киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш;
5) пайдалуу кенди чалгындоонун, пайдалуу кенди казып алуунун жана кайра иштетүүнүн, ЖЭС жана темир жолду куруунун заманбап технологияларын колдонуу, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар жана чаралардын комплекси;
6) бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча сунуштар;
7) Комплекстүү долбоорду ишке ашырууга тартылуучу жумушчулардын жалпы санынын жана ишке тартылган чет өлкөлүк жана ата-мекендик адистердин жана жумушчулардын катыштыгы жөнүндө сунуш;
8) алгачкы капиталдык салымдар үчүн жеке каражаттардын жана/же финансы ресурстарын тартуу мүмкүндүгү бар экендигин ырастоо, анын ичинде аудитордук корутундулар менен соңку эки жылдагы бухгалтердик отчёттордун, банктык маалымкаттардын, кредиттерди алуу жөнүндө келишимдердин көчүрмөлөрү, салыктык карыздардын жоктугу жөнүндө документтер жана ушуга окшогон башка документтер;
9) социалдык пакет боюнча сунуштар;
10) концессия үчүн төлөмдүн суммасын сунуштоо;
11) Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, конкурстун катышуучусунун квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө күбөлөндүрүүчү кошумча ар кардай маалыматтар жана документтер.
25. Конкурстун катышуучусу документтерди алардын толук тизмеги менен бир конвертте бериши керек. Конвертте: конкурстун биринчи этабына катышуу, конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дареги көрсөтүлөт. Берилген документтердин ар бир бетине номер коюлушу, тиркелиши жана бөлүштүргүч менен бөлүнүшү керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтер чет тилинде берилген учурда, аларга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Конкурстун катышуучулары документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин берген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер артка кайтарылбайт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
26. Документтер салынган конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки иш күнүндө конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана конкурстун катышуучуларынын аталышы жана дареги, алар берген документтердин барагынын саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстун катышуучулары конвертти ачууда катышууга укуктуу.
27. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына жарыяланат.
28. Конкурстун катышуучулары алардын квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматтарды жана документтерди конкурстук комиссиянын кароосуна берүүгө укуктуу.
6. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо критерийлери
29. Конкурстук комиссия конверттерди ачуу жөнүндө Конкурстук комиссиянын протоколу жарыялангандан кийин, 30 (отуз) календардык күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карап чыгат, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карап чыгууда, берилген документтердин алкагында Конкурстук комиссия кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
30. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо жолу менен аныкталат. Документтерди баалоо балл ыйгаруу системасы боюнча төмөндөгүдөй критерийлер менен конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Балл |
1 | Ушул Шарттардын 24-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин кошо алганда, алдын ала ТЭН менен ЖЭС жана темир жол куруунун, кендерди иштетүүнүн, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча сунушталган программаларынын сапаты | 3 баллга чейин |
2 | Пайдалуу кенди чалгындоонун, пайдалуу кенди казып алуунун жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын колдонуу, өнөр жайлык коопсуздукту жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар | 5 баллга чейин |
3 | ЖЭСте заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар: - негизги жабдууларда; - көмөкчү технологиялык системалардын схемаларында; - экологиялык коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча | 5 баллга чейин |
4 | Темир жолду курууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар: - экологиялык коопсуздук камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча | 5 баллга чейин |
5 | Комплекстүү долбоордун финансылык натыйжалуулугу: - инвестицияларды тартуунун баасы (пайыздык ставка жана төлөө мөөнөтү); - каржылоо булактары; - Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү боюнча сунушталган финансылык-экономикалык моделдер | 15 баллга чейин |
6 | Ушул Шарттарда көрсөтүлгөн суммадан ашыкча социалдык пакетке бөлүнгөн финансылык каражаттардын өлчөмү (суммасы) | 3 баллга чейин |
7 | Концессия үчүн төлөм | Максимумдук сумма үчүн 5 балл |
8 | Долбоордук документтерди макулдашуу учурунан баштап, темир жолдун курулушун бүтүрүү мөөнөттөрү: |
|
| 1-фаза - Балыкчы-Кочкор участогу | 1 жылга чейин - 7 балл; 1 жыл жана андан жогору - 3 балл |
| 2-фаза - Кочкор - Кара-Кече участогу | 3 жылга чейин - 7 балл; 3 жыл жана андан жогору - 3 балл |
9 | Долбоордук документти макулдашуу учурунан баштап, ЖЭС куруу мөөнөттөрү | 3 жылга чейин - 5 балл; 4 жылга чейин - 2 балл; 5 жылга чейин - 1 балл |
10 | Белгиленген милдеттүү үлүштөн ашыкча биргелешкен ишкананын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына бекер берүү (20 пайыз) | Ар 1% үчүн - 0,5 балл |
31. Ар бир катышуучу боюнча Конкурстук комиссия тарабынан катышуучулардын ар бир критерий боюнча жана жалпы алган баллдарын көрсөтүү менен баллдарды эсептөө протоколу түзүлөт.
32. Көз карандысыз консалтинг компаниясы документтерге талдоо жана баалоо жүргүзөт, анын сунуштары менен корутундусу Конкурстук комиссиянын кароосуна берилет.
33. Катышуучулардын бардык сунуштарына талдоо жүргүзүүнүн жана белгиленген критерийлер боюнча баллын аныктоонун негизинде, Конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду тариздейт жана ушул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
34. Конкурстун жеңүүчүсү деп эң көп балл топтогон катышуучу таанылат. Эки же андан көп катышуучулардын баллы бирдей болуп калса, конкурстук комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү жол-жобосун дайындайт. Добуш берүү ар бир конкурсант үчүн өзүнчө жүргүзүлөт. Мында Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бир конкурсант үчүн гана добуш берүүгө укуктуу. Көп добуш алган конкурсант жеңүүчү болуп табылат. Эгерде эки же андан көп конкурсант бирдей добуш алып калса, конкурстун жеңүүчүсүн аныктаганга чейин, биринчи турдун эрежеси боюнча добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу бирдей болсо, конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
35. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, ошондой эле конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен Конкурстук комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геологиялык агенттигинин веб-сайттарында жарыяланат.
36. Конкурстук комиссиянын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколу, эгерде ага Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо анык деп саналат.
37. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү объектти концессияга берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн концессия алган концессионер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте инвестициялык макулдашуу түзөт.
38. Инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлөт. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү деп жеке жак же чет өлкөлүк юридикалык жак табылса, концессиялык келишим конкурстун жеңүүчүсү түзүп жана Кыргыз Республикасынын аймагында каттаткан туунду компания (биргелешкен ишкана) менен Концессиялык объект жайгашкан жерде - Нарын облусунун Жумгал районунда түзүлөт. Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлүүчү туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен каттоодон өтүшү керек. Түзүлүүчү туунду компания конкурстун жеңүүчүсүнө жана ушул Үлүштүк шарттарга ылайык макулдашылган үлүштө Кыргыз Республикасына таандык болууга тийиш.
39. Концессиялык келишим жана инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди комплекстүү экспертизалоо боюнча комиссиянын корутундусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде түзүлөт.
40. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, же концессия үчүн белгиленген акыны алар белгиленген мөөнөттө төлөбөсө конкурстун жеңүүчүсү концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзүү укугун жоготот, бул укук кийинки талапкерге өтөт.
41. Конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин Конкурстук комиссия эл аралык консультанттын коштоосунда конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимдин жана инвестициялык макулдашуунун орчундуу шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында үч айдын ичинде макулдашууга жетишилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстун жеңүүчүсүнүн билдирүүсүн жокко чыгарууга жана конкурстун потенциалдуу жеңүүчүлөрүнүн баллынын саны боюнча экинчи болуп көрсөтүлгөн жакка концессиялык Келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзүү укугун өткөрүп берүү менен, конкурстун жыйынтыгын кайрадан кароого укуктуу.
42. Конкурстун жеңүүчүсү концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзгөндөн кийин юридикалык жакты түзөт, анда кыргыз тараптын үлүштүк катышуусу уставдык капиталдын 20 пайызынан кем болбойт. Кыргыз тараптын үлүшүн башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органга тапшырылат.
7. Конкурсту токтотуу жана болбой калды, жараксыз деп таануу
43. Жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя жарыяланганга жана Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту токтотууга укуктуу. Мындай учурда конкурстук комиссия жоюлууга тийиш. Эгерде конкурс жарыялангандан кийин ишке ашпай калса Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук Комиссияны жоюуга жана жаңы конкурстук курамдагы жаңы конкурс жарыялоого укуктуу.
44. Конкурска катышуу үчүн билдирүүлөр жок болсо же конкурска катышуу үчүн бир гана катышуучудан билдирүү түшсө, же конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурс өтпөй калды деп таанылат да, ал протокол менен таризделип, расмий басма сөз органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
45. Конкурстун катышуучусу Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышуу жөнүндө өзүнүн билдирүүсүн алып коюуга укуктуу. Конкурстук комиссиянын чечими менен конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин, жеңүүчү конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартууга укуктуу. Мында эки учурда тең конкурска катышуу үчүн акы жана кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн акы кайра берилбейт, ал эми кепилдик төгүмү кайра берилүүгө тийиш.
Маалымат алуу үчүн телефондор: (+996312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин www.geology.kg веб-сайтында таанышууга болот.
8. Ушул Шарттарда жана анын тиркемелеринде пайдаланылуучу терминдер
Дисконттоо - бардык төлөмдөрдүн наркын убакыттын аныкталган учуруна келтирүү жолу менен акчалай агымдын наркын аныктоо. Дисконттоо убакыт факторун эсепке алуу менен акчанын наркын эсептөө үчүн база болот.
Жер иштери - өзүнө: кыртышты иштетүүнү, жайгаштырууну, төшөөнү жана тыгыздоону камтыган жумуштар. Мында жумуштун ачык жердеги, суу түбүндөгү жана жер алдындагы түрлөрү бар.
Жасалма курулуштар - татаал транспорттук курулуштардын: көпүрөлөрдүн, эстакадалардын, туннелдердин, суу өткөрүүчү түтүктөрдүн ж.б. шарттуу аталышы. Жолдордун дарыялар, тоо кыркалары жана башка жолдор менен кесилишкен жерлерине орнотулат.
Комплекстүү долбоор - Кара-Кече жана Миң-Куш күрөң көмүр кендерин ("Ак-Улак" участогун) куруу пландалып жаткан ЖЭС жана Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча темир жол курулушу менен технологиялык чынжырчада өздөштүрүү.
Консорциум - биргелешип иштөө жөнүндө келишимдин (жөнөкөй өнөктөштүк келишиминин) негизинде юридикалык жакты түзбөстөн эле, юридикалык жана/же жеке жактардын (жеке ишкерлердин) убактылуу бирикмеси.
Огуна карата жүк - бир октун дөңгөлөгү менен темир жолдун үстүңкү бетине берилүүчү вагондун массасына карата жүк.
Айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүү (АТББ) - белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасирин, ал тарабынан айлана-чөйрөдө пайда боло турган өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баа берүү жана долбоордук чечимдерде эсепке алуу.
Поезддердин жуптары - темир жолдун бир жолдуу участокторунда өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн бирдиги. Чектелген аралыктар боюнча ар кандай багыттагы поезддердин жуптарын өткөрүүгө кеткен убакыт поезддердин жүрүү графигинин убактысын түзөт, иш жүзүндөгү өткөрүү жөндөмдүүлүгү анын өлчөмүнө жараша болот.
Алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме - долбоорду ишке ашыруунун бардык жагдайлары боюнча изилдөө, анын ичинде кендердеги жана куруу пландалып жаткан темир жолдун, жылуулук электр станциясынын жана башка инфратүзүмдүк объекттердин участокторундагы экологиялык кырдаалды изилдөө.
Долбоордук документтер - капиталдык курулуш объекттин курууну же реконструкциялоону камсыз кылуу боюнча архитектуралык, функциялык-технологиялык, конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдер. Долбоордук документтерге төмөнкүлөр кирет: техникалык тапшырмалар, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, техникалык долбоорлор, пландоо схемалары, архитектуралык чечимдер, курулушту уюштуруу долбоорлору жана Комплекстүү долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон башка документтер.
Долбоордук ылдамдык, эсептик ылдамдык - кыймылдын коопсуздук шарттары боюнча белгиленген, уруксат берилүүчү эң жогорку чектеги ылдамдык. Аны ошол жердеги жолдун жана рельефтин категориясына жараша дайындашат.
Долбоордук сунуш - Кара-Кече жана Миң-Куш күрөң көмүр кендерин ("Ак-Улак" участогун) долбоордун капиталдык салымдары, эксплуатациялык чыгымдары жана рентабелдүүлүгү боюнча ирилештирилген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен комплекстүү иштетүү программасы.
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү - бар болгон техникалык жабдуунун жана поезддердин жүрүшүн уюштуруунун кабыл алынган системасында белгилүү бир убакыттын (сутка же саат) ичинде линия боюнча өткөрүлүшү мүмкүн болгон, тийиштүү массадагы поезддердин же поезддердин жуптарынын саны.
Иш долбоору - долбоорду же планды ишке ашырууга багытталган долбоордук иш-чаралардын комплекси. Иш долбоору долбоордук документтерден жана иш документтеринен, ошондой эле уруксат берүүчү документтерден жана макулдашуулардын комплексинен турат.
Ийри радиус (ийри айлампа) - темир жолдун чектеш эки түз участогун горизонталдык тегиздикте акырындык менен кошуу үчүн кызмат кылган айлампанын иймеги. Ийри айлампа түз участокко ийри өтмөнүн жардамы менен бириктирилет. Ийри айлампалар жер иштеринин көлөмүн азайтуу жана жасалма суу өткөрүүчү курулмаларды куруунун чыгымын азайтуу максатында тоскоолдуктарды айланып өтүү жана трассаны өнүктүрүү участокторунда колдонулат.
Багыт берүүчү жантаюу - акырындык менен узак өргө чыгуу, бул салынуучу темир жол линиясынын негизги параметрлеринин бири, поезддин массасынын бир сүйрөгүчтөгү нормасы жана жүрүүнүн эсептелген минимум ылдамдыгы анын чоңдугуна жараша белгиленет. Багыт берүүчү жантаюу топографиялык шарттарга, линиянын категориясына жараша болот жана жаңыдан курулуучу жана ага кошулуучу мурдатан бар линияларда поезддердин салмактык ченемдерин бир түргө келтирүү менен техникалык-экономикалык эсептөөлөр аркылуу белгиленет.
Социалдык пакет - жергиликтүү коомчулукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасы, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялар программасы, региондо жашаган калк үчүн жумуш орундарын уюштуруу, кендерди иштетүүдө, жылуулук электр станциясын жана темир жолду курууда жана эксплуатациялоодо жергиликтүү эмгек ресурстарын максимум пайдалануу, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга байланышкан жумуштарды аткарууга тартуу максаты менен калкты кесиптик даярдоону уюштуруу.
Сигнализация каражаттары - темир жол светофорлорунун негизинде аткарылган, темир жолдордогу жана ушул сыяктуу рельстүү транспорттогу сигнализациянын бөлүгү. Жалпысынан конструкциясы жана тышкы көрүнүшү жактан окшош светофорлор болгондо, рельстүү транспорттун ар түрдүү системалары белгилердин (сигналдык көрсөткүчтөрдүн) ар кандай системаларын тактап айтканда машинистке (жүрүүчү курамдын айдоочусуна) берилүүчү ар түрдүү маанидеги буйруктардын системасын жана көз менен көрүүчү белгилердин ар түрдүү системаларын пайдаланышат;
Өзүн-өзү актоо мөөнөтү - инвестициялардан алынуучу кирешелер инвестицияга кеткен чыгымдарды жабышы үчүн керектүү убакыттын аралыгы.
Жылуулук электр станциясы (ЖЭС) - көмүр жагуу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу электр станциясы.
Техникалык-экономикалык негиздеме - долбоорду түзүүнүн жана ишке ашыруунун максатка керектиги (же керексиздиги) жөнүндө корутунду чыгаруучу маалымат берилген документ. ТЭНде чыгымдардын жана натыйжалардын талдоосу камтылат. ТЭН инвесторлорго сунушталган долбоорго акча салуу керектигин же керек эместигин аныктоого мүмкүндүк берет.
Эмгектин сарпталышы - продукциянын бирдигин өндүрүүгө жумшалуучу эмгек жана жумуш убакыты.
Тартуучу - поезддерди кыймылга келтирүү үчүн колдонулуучу техникалык каражат.
Салыштырмалуу капиталдык салымдар - жумшалган капиталдык салымдардын эсебинен ишкананын продукциясынын жылдык көлөмүнүн өсүшүнүн бирдигине же негизги каражаттардын өсүш бирдигине туура келүүчү капиталдык салым.
Салыштырмалуу сарптоо - продукциянын бирдигин өндүрүү үчүн натуралай же акчалай түрдө жумшалган ресурстун сарпталышы.
Шпалдар - рельстерди төшөө үчүн жыгач устун же темир бетон буюм түрүндөгү таянычтар.
Экологиялык коопсуздук - адамдын жана коомдун жашоосу үчүн шарты жана каражаты катары адамдын, коомдун турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын антропогендик жана табигый таасирлерден пайда болуучу коркунучтардан корголушунун, айлана-чөйрөнүн корголушунун абалы.
Эксплуатациялык узундук - темир жол линиясынын километрдик узундугу, ал негизги жолдун огу боюнча, ал эми көп жолдуу линияларда - ушул линияны бөлүп туруучу ар кайсы пункттардын ортосундагы эң кыска башкы жолдун огу боюнча өлчөнөт.
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 1-тиркемеси |
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин кыскача сүрөттөө жана ЖЭС жана темир жолдун курулушу жөнүндө жалпы маалыматтар
1. Кара-Кече кени жөнүндө жалпы маалыматтар
1. Кара-Кече күрөң көмүр кени Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында жайгашкан. Кендин географиялык координаттары: 74°46' чыгыш узундукта жана 41°47' түндүк кеңдигинде.
2. Координаттардын тик бурчтуу системасында (GK, Пулково, 1942-ж.) кен төмөндөгүдөй бурчтук чекиттерге ээ:
Чекиттер № | X | Y | Чекиттер № | X | Y |
1 | 13477398 | 4618145 | 6 | 13485782 | 4622438 |
2 | 13480260 | 4619870 | 7 | 13486128 | 4622268 |
3 | 13482197 | 4620595 | 8 | 13485304 | 4621405 |
4 | 13483247 | 4621323 | 9 | 13479165 | 4618067 |
5 | 13484504 | 4621990 | 10 | 13477738 | 4617840 |
S = 8.04 км2 | |||||