Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 15-февралы № 55-б
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
2018-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА
Региондун аталышы | Саны (адам) |
Бишкек шаары | 335 |
Ош шаары | 25 |
Баткен облусу | 10 |
Жалал-Абад облусу | 20 |
Ысык-Көл облусу | 20 |
Нарын облусу | 10 |
Ош облусу | 100 |
Талас облусу | 10 |
Чүй облусу | 150 |
Бардыгы | 680 |