Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 447-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 23-октябры № 488-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл аймактарын суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Бишкек шаарында 2017-жылдын 29-30-ноябрында боло турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл аймактарын суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын башчысы; |
Абдуллаев Равшан Бахтиярович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Салиев Бахтияр Усманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору; |
Жеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги; |
Оскомбаев Марат Салмурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн башчысы; |
Осмоналиев Олжобай Балтабаевич | - | Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Султанов Эркин Режепович | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Эсеналиев Пазылбек Абдыкеримович | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Курманкулов Раимберди Аалыевич | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жусупов Таалайбек Сайпиевич | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Оморов Белекбай | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Сабытбек уулу Бахтыяр | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ашырбеков Кылычбек Орозмаматович | - | Ош облусунун "Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактары агенттиги" биргелешкен муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |