Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 24-декабры № 447-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл өкмөттөрүн суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-25-декабрында боло турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 488-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырза-Аке жана Куршаб айыл өкмөттөрүн суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын башчысы; |
Пирматов Исхак Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Токтошев Эмил Токтакун | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Сыдыков Бакыт Төлөмүшевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Умтулов Нурлан Жумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Акынбеков Алмаз Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тарифтик жөнгө салуу боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Алайчиев Бактыбек Болбурович | - | Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Султанов Эркин Режепович | - | Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Эсеналиев Пазылбек Абдыкеримович | - | Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Курманкулов Раимберди Аалыевич | - | Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кимсанов Абдыкерим | - | Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ташиев Алтын Аликович | - | Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Сабытбек уулу Бахтыяр | - | Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Калбаев Жуманазар Нуркамилович | - | "Өзгөн районун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |