Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2018-жылдын 4-июну № 402
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам көңүл буруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графиги 1-тиркемеге ылайык;
- 2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имаратынын биринчи кабатындагы 24-кабинетте; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн жарандарды кабыл алууда зарылчылыгына жараша Коомдук кабылдамага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары секторуна жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
1-тиркеме
2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 24-июль, 28-август, 25-сентябрь, 23-октябрь, 27-ноябрь, 25-декабрь | 17.00-19.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | 18-июль, 15-август, 19-сентябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 19-декабрь | 17.00-19.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри | 17-июль, 21-август, 18-сентябрь, 16-октябрь, 20-ноябрь, 18-декабрь | 17.00-19.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри | 25-июль, 22-август, 26-сентябрь, 24-октябрь, 28-ноябрь, 26-декабрь | 17.00-19.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри | 19-июль, 16-август, 20-сентябрь, 18-октябрь, 22-ноябрь, 20-декабрь | 17.00-19.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | 26-июль, 23-август, 27-сентябрь, 25-октябрь, 29-ноябрь, 27-декабрь | 17.00-19.00 |
2-тиркеме