Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 11-июлу № 247-б
2018-жылдын 15-июлунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү 2018 - футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жабылуу аземине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2018-жылдын 15-июлунан 16-июлуна чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
2018-жылдын 15-июлунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү 2018 - футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жабылуу аземине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; |
Асымбеков Шамил Уметович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Асанбеков Арстанбек Чокчорович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери; |
Кокоев Бактыбек Нурадилович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери; |
Шерманбетов Уланбек Алмазбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - Россия Федерациясынын Москва шаарына 2018-жылдын 12-16-июлунда командировкага жиберилет.