Редакцияот 03.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 3-февралы № 28-б

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

2017-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

 

Премьер-министр

 

С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркеме

2017-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

550

Ош шаары

45

Баткен облусу

20

Жалал-Абад облусу

35

Ысык-Көл облусу

15

Нарын облусу

10

Ош облусу

45

Талас облусу

10

Чүй облусу

250

Бардыгы

980