Редакцияот 03.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 3-февралы № 29-б

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин ишке ашырылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жоюлсун.

2. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу менен байланышкан тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркеме

Жоюу комиссиясынын КУРАМЫ

Бекманбетов Фархад Шаршенович

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, жоюу комиссиясынын төрагасы;

Исаев Айбек Назарбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич

-

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары;

Текешов Акимбек Анарбекович

-

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн башчысы;

Пулатова Нина Ивановна

-

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын каржылоо жана бухгалтердик эсеп секторунун башчысы;

Курманалиева Минара Турганбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик мүлктү тескөө жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын башкы адиси.