Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 21-сентябры № 335-б
"CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары - Өкмөттөр аралык кеңеш) 2018-жылдын 20-21-сентябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында болуучу кезектеги жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Өкмөттөр аралык кеңештин "Башкы макулдашуунун колдонулушун жандандырууну жактыруу, "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору менен байланышкан айрым сатып алуу жана башка маселелери тууралуу" резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаевге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Резолюциянын долбооруна жана Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыктоочу документтерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
"CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, делегациянын башчысы; |
Иманкулова Жанна Сатовна | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Айткулов Медетбек Аширкулович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Орозоев Улан Эсенбаевич | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |