Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-октябры № 383-б
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мекемелердин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мекемелердин балансында турган имараттарды, материалдык-техникалык базаларды инвентаризациялоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын балансына кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- жоюу балансын бекитсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясынын КУРАМЫ
Адылбеков М.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Ильязов Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Исраилов Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын башчысы; |
Суйунбаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн инспектору; |
Джороев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрдык иштер боюнча башкармалыгынын инспектору; |
Шейшенов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын соттолгондор менен иштөө боюнча тобунун улук оперкызматкери; |
Аскарбекова А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын инспектору; |
Кыштобаева Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 37 мекемесинин бухгалтери; |
Бейшенов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башкы адиси. |