Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2019-жылдын 30-январы, № 10
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коорупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 2018-жылдын 25-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу чечиминин 1-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
коомдук талкуунун жүрүшүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан келип түшкөн сунуштарды жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерин эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун толуктап иштеп чыксын;
- Мыйзамдын долбоорунун толуктап иштелип чыккан редакциясын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмьштуулук менен күрөшүү жана коорупцияга каршы аракеттенуу комитетине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле коз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- жүктелгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Ш.У.Асымбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Асанов Курсан Сатарович
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Скобеев Егор Леонидович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Дуйшеева Жибек Курманбековна
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын начальниги;
|
Курманбеков Алмазбек Улукбекович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы;
|
Давлетбаева Гульмира Конокбаевна
| - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Узакбаев Каныбек Мамасалиевич
| - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук камсыздоо жана ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Курманбаева Аида Маратовна
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуу жана экспертизалоо боюнча 1 -башкармалыгынын начальниги;
|
Карачалов Мирлан Кенешбекович
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
|
Канзаманов Жаныбек Токтошевич
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги;
|
Аджигулов Талгат Бейшенкулович
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын улук инспектору;
|
Барпиев Алишер Алымкулович
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрлар башкы башкармалыгынын башкы адиси;
|
Каскеримов Аманбек Турсунович
| Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары;
|
Атаев Жаныбек Алтымышевич
| Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальниги;
|
Масаитов Кубанычбек Исмаилович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Келдибеков Эмиль Турсунбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын финансылык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Фархадов Эльдар Фархадович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
|
Таштанбеков Мирбек Бейшенбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укуктук жана методикалык иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Айдаров Эрнис Мурзабекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
|