Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-марты № 50-б
Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында 2019-жылдын 15-мартында өтүүчү Борбордук Азия экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына 2019-жылдын 14-мартынан тартып 16-мартына чейин командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2019-жылдын 15-мартында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтүүчү Борбордук Азия экономикалык форумуна катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; |
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Абдраимов Туйгуналы Дуйшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Дамир уулу Максат | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - туризм департаментинин директору; |
Алымкулов Азизбек Эсенбекович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Касымалы уулу Арсланбек | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары; |
Баясов Нурадил Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы; |
Турдумамбетов Руслан Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Жээналиев Жалын Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүмүнүн башчысы; |
Акунбеков Эрлис Абакирович | - | Жер семирткичтерин берүүчүлөрдүн Кыргыз ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |