Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 19-ноябры № 411-б
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункту "Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине" деген сөздөрдөн кийин "(мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун төртүнчү абзацы "жеткиликтүүлүгүнүн негизинде" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрлерине (тизмелерине) киргизүү маселелери боюнча корутундуларды кароо жана берүү;".
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
"Тиркеме
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Кызмат орундары боюнча: