Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2018-жылдын 25-декабры № 770
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графиги 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн административдик имаратынын биринчи кабатындагы 24-кабинетте; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгондо Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
1-тиркеме
2019-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 29-январь, 26-февраль, 26-март, 23-апрель, 28-май, 25-июнь | 17.00-19.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | 23-январь, 20-февраль, 20-март, 17-апрель, 22-май, 19-июнь | 17.00-19.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри | 30-январь, 27-февраль, 27-март, 24-апрель, 29-май, 26-июнь | 17.00-19.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри | 24-январь, 21-февраль, 18-апрель, 23-май, 20-июнь | 17.00-19.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри | 22-январь, 19-февраль, 19-март, 16-апрель, 21-май, 18-июнь | 17.00-19.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | 10-январь, 7-февраль, 7-март, 4-апрель, 3-май, 6-июнь | 17.00-19.00 |
2-тиркеме