Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-майы № 133-б
Ош облусунун Өзгөн районунун айылдарындагы суу менен жабдуу системаларын өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбооруна Европа союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |