Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-июлу № 371
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы (мындан ары - Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Өзбекстан Республикасынын делегациясы менен биргелешкен жолугушуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу 2019-жылдын 10-14-августунда Кыргыз Республикасынын Ош шаарына жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жогоруда аталган биргелешкен жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн жана аталган жумушчу топтун жана делегациянын мүчөлөрүн талаадагы изилдөөлөргө чыгуу үчүн транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ
Разаков Жеңиш Парпиевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сыргабаев Батыркан Эсенканович | - | өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси; |
Мамат уулу Чынгызбек(**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары; |
Юсупов Байыш Юсупович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Акматов Мамасалы Такабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжер-долбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Маматов Абдумуктар Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; |
Рустамов Улан Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Махмутов Руслан Аманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Сарыбаев Эрмек Адылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Бөрүбаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжер-долбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Дуулатов Нуралы Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мырзаматов Таалайбек Токтоназарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Кошиев Усенбек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Миталипов Абабакир Мийманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Акбалаев Раушан Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жеке турак-жай курулушу бөлүмүнүн начальниги. |
Эскертүү: | (*) | - | Кыргыз Республикасынын Ош шаарына 2019-жылдын 12-14-апрелинде командировкага жиберилет. |
| (**) | - | Кыргыз Республикасынын Ош шаарына 2019-жылдын 11-14-апрелинде командировкага жиберилет. |