Редакцияот 08.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2019-жылдын 8-июлу № 254-б

Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 2019-жылдын 9-10-июлунда боло турган "САSА-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары - Өкмөттөр аралык кеңеш) кезектеги жыйынына катышуу үчүн:

1. Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. "САSА-1000" долбоорун колдоого карата айрым маселелерди жактыруу жөнүндө" Өкмөттөр аралык кеңештин резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын башчысына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Резолюциянын долбооруна жана Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыктоочу документтерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

"САSА-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Ибраев Карыбек Эмилжанович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, делегациянын башчысы;

Назаров Айтмамат Кошоевич

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Айткулов Медетбек Ашыркулович

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Орозоев Улан Эсенбаевич

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).