Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 427-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-июлу № 262-б
2019-жылдын 17-18-июлунда Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүүчү Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-туркия комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) 9-жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2019-жылдын 16-19-июлунда Туркия Республикасынын Анкара шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык
кыргыз-түркия комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн
курамы
Боронов Кубатбек Айылчиевич *
| - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Омуралиев Кубанычбек Касымович
| - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
|
Аманкулов Канат Маратович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Сабиров Шухрат Маматалиевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Мадмаров Азизбек Маматович
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
|
Шаршеев Айдин Омуралиевич
| -Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
|
Баетов Аяз Батыркулович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору;
|
Утебаев Медер Шамшыбекович *
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Шадыханов Калысбек Токтосунович
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Секимов Бактыбек Шайыкбекович
| - Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;
|
Ташиев Жапаркул Актаевич
| -Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы:
|
Абдыбалы тегин Суеркул
| -Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Керималиев Жаныбек Калканович
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
|
Жамгырчиев Эмиль Эрикович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
|
Ашимов Улан Маматович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
|
Турдумамбетов Руслан Каныбекович *
| - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
|
Шакирова Гульнара Абидиновна
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек департаментинин директору;
|
Кудайбердиева Айзада Бердибековна
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы.
|
Эскертүү:
(*) - Түркия Республикасынын Анкара шаарына 2019-жылдын 17-19-июлунда командировкага жиберилет.