Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-октябры № 598
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы (мындан ары - Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын делегациясы менен биргелешкен жолугушууга Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу 2019-жылдын 15-20-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жогоруда аталган биргелешкен жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн жана аталган жумушчу топтун жана делегациянын мүчөлөрүн талаадагы изилдөөлөргө чыгуу үчүн транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, делегациянын жетекчиси; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Мамат уулу Чыңгызбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары; |
Молдоисаев Жаныбек Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; |
Рустамов Улан Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Махмутов Руслан Аманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Сарыбаев Эрмек Адылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси; |
Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун биринчи катчысы; |
Казыбеков Замирбек Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Бөрүбаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Лейлек райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бегматаев Абдижамил Ботобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |