Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-октябры № 628
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушууларына катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкү курамдар бекитилсин:
- Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын техникалык адистеринин тобу 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын баяндап жазуу боюнча биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын дайыма иштөөчү жумушчу тобу 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобу 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган техникалык адистердин тобу, дайыма иштөөчү жумушчу топ жана топографиялык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна жана Тажикстан Республикасынын аймагына ушул буйруктун 4-6-тиркемелерине ылайык тараптар макулдашкан план-графиктерге жараша жиберилери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы ушул буйруктун 1-3-тиркемелеринде аталган адамдардын Тажикстан Республикасынын тиешелүү топтору менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жолугушууларга жана талаа жумуштарын жүргүзүүгө өз учурунда катышуусун камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жогоруда аталган биргелешкен жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн жана аталган жумушчу топтордун мүчөлөрүн талаа изилдөөлөрүнө чыгууда транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
5. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча
Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын техникалык адистеринин тобунун КУРАМЫ
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары; |
Бондарева Ольга Афанасьевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын санариптик картага түшүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Аджиева Касиет Эсеналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Виденеева Юля Михайловна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын санариптик картага түшүрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Рысбек уулу Урматбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын санариптик картага түшүрүү башкармалыгынын адиси. |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын баяндап жазуу боюнча биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын дайыма иштөөчү жумушчу тобунун КУРАМЫ
Борубаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Молдоисаев Джаныбек Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башкы адиси; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору; |
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Лейлек филиалынын директору; |
Каримов Асылбек Абдрахманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн башкы адиси; |
Хамидов Айтбай Хамидович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн башкы адиси. |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча
Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобунун КУРАМЫ
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамат уулу Чыңгызбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары; |
Салихов Кеңеш Каримович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Молдоисаев Джаныбек Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары; |
Рустамов Улан Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальниги; |
Махмутов Руслан Аманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун биринчи катчысы; |
Казыбеков Замирбек Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башкы адиси; |
Бөрүбаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору; |
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Лейлек филиалынын директору; |
Бегматаев Абдижамил Ботобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай филиалынын директору. |
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын техникалык адистеринин жолугушууларынын 2019-2020-жылдарга ПЛАН-ГРАФИГИ
№ | Иш-чаралар | Өткөрүү датасы | Өткөрүлүүчү жер |
1 | Техникалык адистердин жолугушуусу | 27-октябрь - 3-ноябрь | Душанбе ш. |
2 | Техникалык адистердин жолугушуусу | 10-17-ноябрь | Бишкек ш. |
3 | Техникалык адистердин жолугушуусу | 24-ноябрь - 1-декабрь | Душанбе ш. |
4 | Техникалык адистердин жолугушуусу | 8-15-декабрь | Бишкек ш. |
5 | Техникалык адистердин жолугушуусу | 22-29-декабрь | Душанбе ш. |
6 | Техникалык адистердин жолугушуусу | 5-12-январь | Бишкек ш. |
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын баяндап жазуу боюнча биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо үчүн тараптардын туруктуу иштөөчү жумушчу топторунун жолугушууларынын 2019-жылга ПЛАН-ГРАФИГИ
№ | Өткөрүү датасы | Өткөрүлүүчү жер |
1 | 23-26-октябрь | Исфара ш. (Тажикстан Республикасы) |
2 | 29-октябрь - 1-ноябрь | Баткен ш. (Кыргыз Республикасы) |
3 | 7-10-ноябрь | Джаббор Расулов району (Тажикстан Республикасы) |
4 | 16-19-ноябрь | Исфана ш. (Кыргыз Республикасы) |
5 | 27-30-ноябрь | Бободжан Гафуров району (Тажикстан Республикасы) |
6 | 7-10-декабрь | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылы (Кыргыз Республикасы) |
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын
топографиялык жумушчу топторунун жолугушууларынын 2019-жылга ПЛАН-ГРАФИГИ
№ | Иш-чаралар | Өткөрүү датасы | Өткөрүлүүчү жер |
1 | Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу | 3-6-ноябрь | Согдий облусунун Деваштич району (Тажикстан Республикасы) |
2 | Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу | 11-14-ноябрь | Исфана ш. (Кыргыз Республикасы) |
3 | Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу | 21-24-ноябрь | Канибадам ш. (Тажикстан Республикасы) |
4 | Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу | 2-5-декабрь | Баткен облусунун Лейлек району (Кыргыз Республикасы) |
5 | Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу | 12-15-декабрь | Согдий облусунун Джаббор Расулов району (Тажикстан Республикасы) |