Редакцияот 20.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 20-ноябры, № 430-б

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы квартал сайын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө талдоо жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

 

Тиркеме

2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

300

Ош шаары

18

Баткен облусу

8

Жалал-Абад облусу

14

Ысык-Көл облусу

14

Нарын облусу

14

Ош облусу

14

Талас облусу

8

Чүй облусу

110

Республика боюнча жалпы

500