Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 9-октябры, № 383-б
2019-жылдын 9-октябрынан тартып 11-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын күндөрүн өткөрүү боюнча Россия Федерациясынын Тюмень облусундагы иш-чараларга катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын күндөрүн өткөрүү боюнча Россия Федерациясынын Тюмень облусундагы иш-чараларга катышуучу кыргыз делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү 2019-жылдын 9-октябрынан тартып 12-октябрына чейин Россия Федерациясынын Тюмень облусундагы Тюмень шаарына командировкага жиберилсин.
3. Кыргыз делегациясынын жетекчисине өз компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Иш-чараларга катышууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын күндөрүн өткөрүү боюнча
Россия Федерациясынын Тюмень облусундагы иш-чараларга катышуучу кыргыз делегациясынын
курамы
Алишеров Эльдар - Туралиевич
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
|
Бийбосунов Руслан - Мелсович
| - Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу;
|
Сатыбалдиев Кыянбек - Урмаматович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Ызабеков Ырысбек - Темирбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Маматаев Эркинбек - Садырбекович
| - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы -аким;
|
Эшалиев Канжарбек - Жаныбекович
| - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы -аким;
|
Жайылов Таалайбек - Ташиевич
| - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы -аким;
|
Омошев Эрмекбай - Алянович
| - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы -аким;
|
Атагельдиева Аида - Жумакадыровна
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдарды координациялоо башкармалыгынын башкы адиси.
|