Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-декабры, № 463-б
2019-жылдын 9-декабрында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өтө турган Кыргыз Республикасы - Европа бирлиги кызматташтыгы боюнча кеңештин он жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 8-10-декабрында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасы - Европа бирлигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин он жетинчи жыйынынын ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын
курамы
Айдарбеков Чингиз Азаматович
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, делегациянын башчысы;
|
Джумалиев Муктар Кабылбекович
| Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа бирлигиндеги өкүлү;
|
Суеркул Абдыбалы тегин
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, делегациянын башчысынын орун басары;
|
Ахматов Султан Маматович
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары.
|