Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-ноябры, № 452-б
1. Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2019-жылдын 2-декабрынан 5-декабрына чейин Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарына жиберилсин.
3. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөнүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Комиссиянын жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Бейшенов Жанат Саматович
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
|
Муканбетов Санжар Турдукожоевич
| Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
|
Абдрахманов Нурлан Асейинович
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
|
Омуров Нурлан Кубатович
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Акышев Курманбек Токтогулович
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Граждандык авиация агенттигинин директору;
|
Калилов Жамшитбек Калилович
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директору;
|
Аблаев Азамат Абдыганыевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
|
Туголбаев Давлетбек Орозобекович
| «Бишкек» эркин экономикалык зонасы башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Давлесова Жибек Батырбековна
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;
|
Боколоев Азат Болотбекович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин атташеси.
|