Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-июлу, № 269-б
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2018-жылдын 30-31-июлунда боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1.Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2.Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2018-жылдын 29-июлунан тартып 1-августуна чейин Түркмөнстандын Ашхабад шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Панкратов Олег Михайлович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
|
Рустенбеков Жаныш Султанкулович
| - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
|
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович
| - Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңешинин Президиумунун мүчесү, Кыргыз өнер жайчыларынын жана ишкерлеринин бирлигинин президента (макулдашуу боюнча);
|
Муратов Абдыманап Аттокурович
| - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Керималиев Жаныбек Калканович
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
|
Орозбеков Алымбек Асылбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Абжалиев Атабек Алиярбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
|
Касымалы уулу Арслан
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары;
|
Батаева Эльмира Иманбековна
| - Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын Бизнес өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Жолдошбеков Манас Мамытбекович
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин кеңешчиси;
|
Кадырбаева Светлана Асангазиевна
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.
|