Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 193-т , 2024-жылдын 25-декабрындагы № 841-р тескемелеринин редакциясына ылайык)
2022-жылдын 23-ноябры № 643-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык санын өркүндөтүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 193-т , 2024-жылдын 25-декабрындагы № 841-р тескемелеринин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө:
пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн индикаторлорду (критерийлерди) (региондук дүң продуктунун өсүшүнүн, жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн, Нарын облусунун калкынын реалдуу кирешелеринин, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн, пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында жетишүү болжолдонгон башка көрсөткүчтөрдү) кошумча иштеп чыксын жана тиешелүү министрликтер жана административдик ведомстволор менен макулдашуу боюнча аныктасын;
пилоттук долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн жогоруда аталган индикаторлорду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин;
өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин;
- 2023-жылдын ар бир кварталынын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин;
- 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чыгымдарды "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоорун киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тиешелүү көрсөткүчтөрүн өзгөртүү бөлүгүндө пилоттук долбоордун натыйжаларын изилдеп чыксын жана алынган тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын башка облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына андан ары жайылтуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: