Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2023-жылдын 3-марты № 91-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Туруктуу өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 211-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу серебинде чагылдырылган кийинки кадамдарды ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасында мындан ары илгерилетүү максатында, ошондой эле мамлекеттик органдардын институттук эс тутумун сактоо үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, башка мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Комиссияга ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

                 Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын КУРАМЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Координациялык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Координациялык комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;